Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо боюнча рейддик иш-чараларын улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйнап жаткан үч жаран аныкталды. Алар административдик жоопкерчиликке тартылып, жалпы 16 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган дагы бир жаран аныкталып, ага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салынды.
Министрлик чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйноо жаратылыш экосистемасына олуттуу зыян келтирерин белгилеп, жарандарды жаратылышты коргоо боюнча талаптарды так сактоого чакырды.