Кадамжайда курулуп жаткан Калкты тейлөө борборунун бетону текшерилди

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135

Баткен облусунун Кадамжай районунда курулуп жаткан Калкты тейлөө борборунда бетон конструкцияларынын сапаты текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Комбинат-1 көчөсүндөгү объектте атайын изилдөө иштерин жүргүздү.

Адистер бетондун бекемдигин конструкцияларга зыян келтирбеген ыкма менен баалап, анын курулуш нормаларына жана долбоордук талаптарга шайкештигин аныкташты.

Мындай текшерүүлөр курулуш иштеринин сапатын камсыздап, объектилердин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X