Кадамжайда үй-бүлөлүк зомбулук жана балдардын коопсуздугу талкууланды
Кадамжай районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Бул багыттагы иштер Баткен облусундагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча облустук координациялык кеңештин көчмө жыйынында каралды.
Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Максатай Каримбердиева жетекчилик кылып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрү онлайн жана офлайн форматта катышты.
Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана жайкы эс алуу мезгилинде алардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери облуста үй-бүлөлүк зомбулуктун 449 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52 учурга аз. Ошондой эле балдардын сууга чөгүп кетүүсү боюнча 13 факт катталып, көрсөткүч 3 учурга төмөндөгөн.
Жыйын соңунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.