Кадрлар резервине конкурс жарыяланды

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады.

Бул мүмкүнчүлүк өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну каалаган билимдүү жана активдүү жаш адистерге багытталган.

Талаптар

Мамлекеттик жарандык кызматка:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуу;

  • 21 жаштан жогору курак;

  • жогорку билим;

  • кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;

  • санариптик көндүмдөргө ээ болуу.

Муниципалдык кызматка:

  • 18 жаштан жогору курак;

  • жогорку же орто кесиптик билим;

  • кыргыз тилин орто деңгээлде билүү;

  • санариптик көндүмдөр.

Кантип тапшыруу керек?

Документтер E-Kyzmat мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта кабыл алынат. Ал үчүн талапкер порталдан жеке кабинет ачышы зарыл.

Тандоо этаптары

  1. Документтерди кабыл алуу;

  2. Нормативдик-укуктук актылар боюнча компьютердик тест;

  3. Онлайн же офлайн маектешүү.

Бардык этаптардан өткөндөр 3 жылдык мөөнөткө кадрлар резервине киргизилет. Дайындоо рейтингдик система аркылуу жүргүзүлөт.

Документ кабыл алуу мөөнөтү: 2–6-март.

Кошумча маалыматты www.gov.kg сайтындагы «Вакансиялар» бөлүмүнөн же «E-Kyzmat» порталынан алууга болот.

📞 Байланыш телефондору:
0 (312) 62 04 12
0 (312) 66 03 37

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X