"Эркин-Тоо"

КАДЫРМАН КАЗАК КЫЗЫ

Жайыл районунда жакшы адамдар арбын чыгар, ошондой болсо да чыгаандарына кездешүү сейрек. Казактын кадырман кызы Абишова Несипбала Аскаровна тууралуу райондун жетекчилеринен даңазасын угуп, жолугушуу насип этти. «Казак-кыргыз бир тууган» эл келебиз, канатташ жашоону атам замандан бери баштан кечирип.

Несипбаланын кесиби зоотехник. Орунбек менен студент кезде таанышып, баш кошуу пешенесине жазылып калган экен. Кыргыз элине келин болуп келген.

Баштан өткөргөн ар бир күндү эстеп чыгуу мүмкүн эмес. Несипбаланын балдарынын кичүүсү 9 айга, улуусу 16 жашка караганда жалгыздык башына келди. 1 кыз, 3 баланы бапестеп чоңойтуу кайдан жеңил болсун?! Турмуш дегениң албуут, деңиздей терең, кайран улуу акын Алыкул жазмакчы, бирде тынч да, бирде толкун.

Чөгүп кетпеш үчүн жабыккан адам баласы эмне кылууга тийиш? Турмуш соккусуна туруштук бералбагандар жеңилип, кээси ичип, кээси баарынан кечип, кейиштүү кейипкерлерге айланып кетет эмеспи. Несипбаланын эрки тоодой белем, бар балээлерге туруштук берип, 4 баланы жакшы тарбиялап, бак-дөөлөткө бөлөдү. Эми терип-тепчип айтып олтурсак, кайын журттан алыстап, төркүндөрүнө баса бербеди. Мына ушул жагынан кайын журтуна солк этпес кадыры түптөлдү. Баркы өстү.

Союз тарай электе колхоздун зоотехниги, ошондой эле лаборанты болуп иштеди. МТФда, “Учкомбинатта” эмгектенди. Эгемендүүлүк мезгили бардык эле элде, жерде оор болгон. Ошол учурда жеке чарбалар негизделе баштады. Менчиктештирүү кадамдады. Мезгил агымына жараша Несипбала облустук айыл чарбасы боюнча кеңеш берүүчү кызматты аркалады. Ток этерин айтканда фермердик-дыйкан чарбаларды чыңдоо багытында иштерди илгерилеткен тийиштүү мекеме, министрликтер менен иштешти. Мен, мен деген төбөсү көрүнгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Костюк, Тынаев, Байтемиров окшогон айыл чарбасын мыкты билген жетекчилер менен биргелешип, үзөңгүлөш жүргөн кездери текке кетпептир. Тажрыйба топтоптур.

Улуу кызынын аты Лязат. Мугалимдик окуу жайды бүткөн. Күйөө баласы Азат – юрист. Учурда Россияда жашашат. Экинчи уулу Бакыт – ветврач. Үчүнчү уулу Кубаныч – агроном. Кенже уулу Адилет да айыл чарба адистигин тандады. Воронежде магистратурада окуйт. Тулада иштеп жатат.

Несипбаланын балдары да айыл чарба адистиктери боюнча шугулданышкандыктан ветврач, аграномдордун династиясы десек да жарашат. Дыйкан чарбаларына ат тандаарда бир дагы ат баарына жага бербеди. Ошондо Несипбала балдарынын аттарынын баш тамгаларынан курап “ЛБКА” дыйкан чарбасы деп атаган. Бири да каршы чыкпаган. Бул дыйкан чарбасынын атына таң калгандар да, тан бергендер да бар. Дыйкан чарбанын чыңдалышына каруусун казык кылгандар албетте, балдары. Аттарынын баш тамгалары менен башталган дыйкан чарбанын кадырын көтөрүү ар биринин жигиттик милдеттери. Башкарган энесинин жетеги жеңиштерге жана жемиштерге жеткирүүдө.

Үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү жер үлүштөрү 9,94 га жер эле. Элден 38 гектар ижарага алышып, 50 гектарга чукул жерди иштетишет. Негизинен арпа, буудай, жүгөрү эгишет. Сапаттуу үрөндөр мээнетти жебейт. Быйыл 650 тонна силос бастырышты. Ала-Тоо тукумундагы уйларды багышат. Дагы асылдандыруу жагын максат кылышууда.

Канаттууларга да басым жасашууда. Былтыр 1000 каз багышып, сатышып пайдасын көрүштү. Быйыл өрдөк багууну колго алышууда.

Эмгекти туура уюштуруу акыбетин берет экен. Улуу уулу Бакыт – ветврач, ошондуктан да чыгар, мал жагына көз салат. Кубанычы агроном эмеспи, экономисттик да экинчи кесиптин ээси. Жер иштетүү анын милдети. Так эсеп-кысапсыз экономикалык өсүш болбойт.

Кадырман казак кызын элжурту ар убак сыйлап турганы, Несипбала өз гана көмөчүнө күл тарткандардан эмес. Элдин көйгөйлөрүнө такай назарын салып келет. Айталык, өз каражаттарын жумшап, 2 көчөгө жарык шамдарын коюп беришти. Баса, пандемия учурунда муктаж үйбүлөлөрдү ун, күрүч баш болгон азык-түлүктөр менен камсыз кылышып, баталарын алышкан.

“Башымдан көп кыйынчылыктар өттү. “Казак кызынын тагдыры” деген ат менен таланттуу жазуучуларга айтып берип, китеп жаздырсам, окугандар ыйлап, терең таасир алышмак деп калам. Иштер ойдогудай жүрбөй калгандагы кайгыны эстеп болбос. Неберелеримди жыттап алганда ал армандардын кайда кеткенин сезбей да калам. Келиндериме, куда сөөктөрүмө ыраазымын. Уулдарымдын билимдүүлүгү, эмгекчилдиги төбөмдү көккө жеткирип турат. Дөөлөткө жетүү, татыктуу өмүр сүрүү ар бирибизге керек” деп кадырман казак кызынын айтканында калет жок.

Алдыдагы албан максаттарынын бири балдарга арналат. Нооруз майрамында айылдагы бөбөктөр үчүн ойноочу аянтчаны ачып беришмекчи. Бөбөктөрдүн кубанычына, күлкүсүнө не жетсин?!

Кадырман казак кызынын таржымалын алакандай бир баракка сыйдыруу албетте, колдон келбес. Элге кылган эмгек эгерим текке кетпейт. Эл-журтунун алкыштары, баталары баарынан бийик.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!