Кагаз иштери азаят. Дыйкан-фермерлер үчүн бирдиктүү санариптик платформа түзүлүүдө

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 286

 Бүгүн, 18-сентябрда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде дыйкандар үчүн иштелип жаткан «IDyikan» тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды.

Иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.

Тиркемени министрликке караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси иштеп чыгууда.

Маалыматка ылайык, «IDyikan» фермерлер менен мамлекеттин ортосундагы байланышты жеңилдетүүгө багытталган. Платформа аркылуу дыйкандар мамлекеттик кызматтарды онлайн алып, арыздарын электрондук түрдө тапшырып, алардын каралуу абалын көзөмөлдөй алышат.Возможно, это изображение текст

Учурда тиркемеде жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу жана жеңилдетилген насыяларга онлайн арыз берүү сыяктуу кызматтар санариптик форматка өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди электрондук түрдө алуу, ошондой эле сугат суусуна жана дотациялык үрөндөргө байланышкан кызматтарды санариптештирүү пландалууда.

Платформанын дагы бир багыты — бирдиктүү санариптик реестрлерди түзүү. Анда фермерлер, чарбалар, жер тилкелери, айыл чарба жаныбарлары, техника жана агрардык сектордогу башка объекттер тууралуу маалыматтар топтолот.

Министрликтин маалыматына караганда, бул фермерлерден бир эле маалыматты кайра-кайра талап кылууну азайтып, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.Возможно, это изображение учеба

Учурда «IDyikan» тесттик режимде иштеп жатат. Сыноонун жүрүшүндө тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү текшерилип, колдонуучулар үчүн ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар эске алынат.

Долбоор толук ишке киргизилсе, фермерлер үчүн бир катар мамлекеттик кызматтар жана агрардык сервистер бирдиктүү санариптик платформага топтолот

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 286
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X