Кагаздар жокко чыгарылат

29-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө кагаз түрүндө документ жүгүртүү жокко чыгарыла тургандыгын билдирди. Эми жарандар мурдагыдай каттоо журналдарын кол менен толтурушпайт. Кагаз жүзүндө документ жүгүртүүнү жокко чыгаруу кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Аталган министрлик, отчётторду тапшыруу системасы санариптештирилип бүткөнүн билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X