Кайра иштетүү тармагында лицензиялоо иштери активдүү жүрүүдө

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Калдыктарды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин киргизүү максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кайра иштетүүчү ишканаларды лицензиялоо иштерин күчөтүүдө.
Лицензия алдындагы көзөмөлдүн алкагында кагаз, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштеткен бир катар ишканалар текшерилди. Бул ишканалар макулатурадан кагаз жана картон, текстиль калдыктарынан термокийиз жана килем, ал эми пластик калдыктарынан чарбалык буюмдарды өндүрүп, ПЭТ бөтөлкөлөрүн кайра иштетүүдөн алынган флексти экспортко чыгарууда.
Министрлик калдыктарды кайра иштетүү менен алектенген бардык ишкерлерди мыйзам талаптарына ылайык өз ишмердүүлүгүн өз убагында лицензиялоого чакырды.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X