Кайрадан чектөөлөр башталабы?
Акыркы бир сутка ичинде Бишкек шаарында 117 адамга коронавирус диагнозу коюлуп, дарттын жайылышы байкалгандыктан Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүль Рыскулбекова үйгө конок чакырууну, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү токтото тургула,- деген кеңешин берди. “Өзүңөр дагы конокко барбай тургула. Аралыкты сактап, санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз», — деп билдирди Айнагүль Рыскулбекова бүгүн брифинг учурунда.