Калаада 10 жаңы бала бакча курулат

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

2026-жылы Бишкек шаарында 10 жаңы бала бакча куруу пландалууда. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев коллегиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда борбор калаадагы бала бакчаларга 36 миңден ашык бөбөк барат, дагы 29 миң бала кезекте турат.

Мэр акыркы үч жылда 22 бала бакча ачылганын белгилеп, быйыл курула турган жаңы объекттер орун тартыштыгын жарым-жартылай жоюуга шарт түзөрүн айтты.

13-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X