Калаада 8 өлкөнүн спортчуларын чогулткан турнир өтүүдө

26-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 269

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири өтүүдө. Ага 8 өлкөдөн келген 150 балбан катышууда.

Мелдеш бүгүн, 26-мартта, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында салтанаттуу ачылды.

Турнир алыш эл аралык федерациясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналгандыктан, анын ачылышына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты.

26-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 269
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X