Калаада баскетбол, волейбол аянтчалары бар жаңы мектеп курулууда

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мектептин жаңы корпусу үч кабаттуу болот жана анын жер төлөсү да бар. Жалпы аянты 5 миң 199 чарчы метрден ашат. Имарат 560 окуучуга ылайыкталган.

Долбоор боюнча мектептин аймагы толук көрктөндүрүлүп, спорттук жана инженердик шарттар түзүлөт. Анда кичи футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу аймагы жана балдар ойноочу жай орун алат. Ошондой эле аймакка асфальт-бетон жана таман таш төшөлүп, канализация системасы орнотулат.

Учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүрүп, спорт аянтчаларына тосмолор коюлууда.

Курулушту «СК Лидер Хаус» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X