Калаадагы 1200 орундуу мектеп толук оңдоодон кийин ачылды

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Бишкек шаарындагы №39 орто мектеп ири реконструкция жана капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1200 окуучуга ылайыкталган мектепте үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, китепкана жана спорт залы толугу менен жаңыланды. Жалпы аянты 6 миң 580 чарчы метрди түзгөн имаратта жылытуу, суу менен камсыздоо жана жарыктандыруу системалары толук алмаштырылып, окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

Мектептин аймагында эл аралык талаптарга жооп берген футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулду.

Долбоор Кыргызкурулуш мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, мектептин биринчи окуу корпусу 1961-жылы, экинчиси 1984-жылы курулган. Ошондон бери бул имарат биринчи жолу оңдоодон өткөрүлдү.

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X