"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Калаага орто көлөмдөгү автобустар алынат

Бишкек мэриясы коомдук транспортту жаңылоо максатында 600гө жакын автобус сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Мирлан Байгончоковдун айтымында сатып алынуучу автобустар 12 метрлик эмес, болжол менен 8 метрлик болот. Мындай чечим шаардын чет жакаларындагы көчөлөрдүн тардыгы менен байланыштуу экени айтылат.

Вице-мэрдин белгилешинче, ири автобустар айрым аймактарда бурулууда жана кыймылдоодо кыйынчылык жаратат. Учурда автобустарды сатып алууга каражат булактары такталып жатат.