Кален Айтикеев, дарыгер: Бронхиалдык астманын себептери, белгилери жана алдын алуу жолдору
Бронхиалдык астма бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө кеңири тараган өнөкөт оорулардын бири болуп саналат. Бул оору адамдын жашоосуна олуттуу таасир тийгизип, дем алуу системасынын иштешин начарлатат. Астманын себептери, алдын алуу жолдору тууралуу үй-бүлөлүк дарыгер Кален Айтикеев менен кененирээк маек курдук.
– Кален мырза, бронхиалдык астма деген эмне?
– Бронхиалдык астма бул – адамдын оор дем алуусун жана ошондой эле дем алуу жолдорунун өнөкөт сезгенүүсүн билдирет. Бул ооруда бронхтор сезгенип, тарылып калышат. Натыйжада адамдын дем алуусу кыйындап, жөтөлүп, көкүрөгү кысылгандай сезилет. Астма ар кандай куракта кездешиши мүмкүн. Ооруну толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес, бирок туура дарылоо менен көзөмөлдөп, ооруга чалдыккан адамдын кадимкидей жашоосуна шарт түзүүгө болот.
– Бул оору эмнеден улам пайда болот?
– Бронхиалдык астманын пайда болушуна бир нече факторлор бар. Биринчиден, тукум куучулук чоң роль ойнойт. Эгер ата-энесинде же жакын туугандарында астма же аллергия болсо, балдарда да бул оорунун пайда болуу коркунучу жогорулайт. Ошондой эле үйдүн жана көчөнүн чаңы, гүлдөрдүн жана дарактардын чаңчалары, үй жаныбарларынын жүнү, көгөргөн козу карындар, абанын булганышы жана айрым химиялык заттар астманы козгошу мүмкүн. Өндүрүш ишканаларында иштегендер, өзгөчө цемент, ун, газ, химиялык заттар менен иштеген адамдар да тобокелчилик тобуна кирет. Мындан тышкары, аллергиялык ринитти (мурундан суу агуу) өз убагында дарылоонун мааниси чоң. Дарыланбай жүргөн аллергиялык ринит бара-бара бронхиалдык астмага өрчүп кетиши мүмкүн.
– Астманын негизги белгилери жөнүндө айтып берсеңиз?
– Оорунун эң кеңири тараган белгилеринин бири – дем кыстыгуу, адатта эртең менен же кечинде жөтөл жана көкүрөктөгү кышылдоо пайда болот. Айрым бейтаптар дем алганда ышкырган сымал дем алышат. Ошондой эле бейтаптар көкүрөгү кысылып жаткандай сезимге кабылышат. Кээде дем жетпей, аба жетишпегендей абал жаралат. Оору күчөгөн учурда адам бат чарчап, алсыздыкты сезет. Айрым учурларда жүрөктүн согушу тездеп, баш ооруп же баш айланышы мүмкүн.
– Күчөп кеткенде кандай белгиси байкалат?
– Астма күчөгөндө адам мурда жеңил аткарган жумуштарды аткарууда деми кыстыга баштайт. Жөтөл күчөйт, көкүрөктөгү кышылдоо көбөйөт. Дем алуу кыйындап, көкүрөктү бир нерсе басып тургандай сезим пайда болот. Мындай учурда бейтап бронхторду кеңейтүүчү дары-дармектерди мурдагыдан көбүрөөк колдонууга муктаж болуп калат. Эгерде дем алуу өтө оорлошуп, сүйлөө кыйын болуп калса же дары жардам бербей жатса, дароо медициналык кызматкерлерге кайрылуу керек.
– Дарылоо кандай жүргүзүлөт?
– Бронхиалдык астманы дарылоодо негизинен эки топтогу дары-дармектер колдонулат. Биринчиси – бронхторду кеңейтүүчү каражаттар. Алар астма кармаган учурда дем алууну жеңилдетүүгө жардам берет. Экинчиси – ингаляциялык глюкокортикостероиддер. Бул препараттар бронхтордогу сезгенүүнү азайтып, оорунун күчөп кетишинин алдын алат. Алар дарыгердин көрсөтмөсү боюнча күн сайын колдонулат. Мындан сырткары, дем алуу көнүгүүлөрү, дене тарбия, туура тамактануу жана сергек жашоо образы да жакшы натыйжа берет. Айрым учурларда спелеотерапия (туздуу шахталарда дарылануу) жана бийик тоо шартындагы дарылоо сунушталышы мүмкүн.
– Оорунун алдын алуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
– Үйдү жана жумуш ордун таза кармоо, чаңды азайтуу, бөлмөнү бат-бат желдетүү маанилүү. Тамеки тартуудан жана тамекинин түтүнүнөн алыс болуу жана аллергия жараткан факторлордон сактануу керек. Ошондой эле дарыгер жазып берген дарыларды үзгүлтүксүз колдонуу, өз алдынча дарылоодон алыс болуу керек. Ден соолукка кайдыгер карабай, дарттын белгилерин байкаган учурда, өз убагында адиске кайрылуу оорунун күчөп кетишинин алдын алат.
Чынара КАЛМАТОВА