Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиктери өзгөрдү
Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсүндө, Кыргызстандагы айрым калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиктери техникалык себептерден улам убактылуу өзгөрдү.
- Бишкек. Жибек жолу проспектиси, 381, дарегинде жайгашкан 4-калкты тейлөө борбору;
- Ош шаары. Ленин көчөсү, 318, дарегинде жайгашкан 1-калкты тейлөө борбору;
- Бишкек. Аsia Mall соода борборундагы калкты тейлөө борбору;
- Бишкек. ТЭЦ району, «Глобус» гипермаркетиндеги кичи калкты тейлөө борбору.
Аталган мекемелер 30-апрелден тарта саат 18:00гө чейин гана иштейт.
1-2-май күндөрү кичи калкты тейлөө борборлору иштебей. Алардын жумушу 4-майда жанданат, деп айтылат маалыматта.