Калматов “Бриллиант көпөлөк” сыйлыгына ээ болду

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 61

Кыргызстандык режиссёр Каныбек Калматов Москва шаарында өткөн II Ачык Евразиялык “Бриллиант көпөлөк” кино сыйлыгында “Мыкты режиссёр” деп табылды. Ал бул сыйлыкка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу тарткан “Айтматов” тасмасы үчүн татыды. Бул жеңиш бир гана режиссёрдун жеке ийгилиги эмес, жалпы кыргыз маданияты жана улуттук кинематография үчүн маанилүү окуя. Анткени, дүйнөгө таанылган залкар жазуучунун өмүр жолун кино аркылуу баяндаган чыгарма эл аралык деңгээлде жогору бааланып, Калматовго сыйлык менен катар 250 миң АКШ долларына бааланган бриллиант тапшырылды.

Чоң максаттан жаралган чыгарма

Каныбек Калматов – режиссёр, кинооператор жана кинопродюсер. Ал кино дүйнөсүнө операторлук өнөр аркылуу аралашып, ар кандай долбоорлордо тажрыйба топтогон. Москвадагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) оператордук факультетин аяктаган. Буга чейин «Бейиш – эненин таманы алдында» («Рай под ногами матерей») тасмасында башкы оператор катары эмгектенип, кыргыз киносунун ийгиликтүү долбоорлорунун бирине салым кошкон. Ал эми «Айтматов» тасмасы режиссёр катары алгачкы толук метраждуу көркөм эмгеги болуп калды. Анын бул долбоорду ишке ашыруу идеясы 2024-жылы жаралган. Калматов улуу жазуучунун өмүрүн жана чыгармачылыгын терең изилдеп, анын тагдырын көрүүчүлөргө кино тили менен жеткирүүнү максат кылган. Тасманы тартуу боюнча даярдык учурунда режиссёр жазуучунун үй-бүлөсү, жакындары, туугандары жана аны жакшы билген адамдар менен жолугушуп, тарыхый маалыматтарды топтогон. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштыруу үчүн жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен расмий келишим түзүлгөн.

Айматовду ар тараптан инсан катары көрсөтүү  

Тасманын негизги өзгөчөлүгү – анда Айтматовдун атак-даңкы гана эмес, анын адамдык дүйнөсү, үй-бүлөсү, балалык кези, чыгармачылык изденүүсү жана турмуштагы татаал тандоолору чагылдырылган. Режиссёрдун айтымында, улуу инсандарды көп учурда жетишкендиктери аркылуу гана таанып, алардын жөнөкөй адам катары басып өткөн жолун унутуп коёбуз. Ошондуктан ал көрүүчүлөргө Айтматовду эстеликке айланган инсан катары эмес, сүйгөн, санааркаган, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, өз элинин келечеги үчүн жоопкерчилик сезген адам катары көрсөтүүнү каалаган. Чыгарманын маанилүү өзөгүн жазуучунун «Кылым карытар бир күн» романы жана андагы эс тутум, тарыхый мурас, улуттук нарк, адамдык жоопкерчилик маселелери түзөт. Тасмада жазуучунун өмүрүндөгү маанилүү учурлар аркылуу эркиндик, мекенге берилгендик жана адамдык абийир темалары козголот.

Тасмага белгилүү актёрлор тартылган

Кинонун ийгилигинде актёрлордун эмгеги да чоң. Чыңгыз Айтматовдун образын Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Тентимышов, ал эми бала кезин жаш актёр Нурислам Надыров жараткан. Ошондой эле тасмага Марат Амираев, Сергей Безруков, Равшана Куркова жана башка актёрлор катышкан. Белгилүү орус актёру Сергей Безруков жазуучунун чыгармачылыгына байланышкан каармандардын бири — Борис Пастернактын образын жараткан. Тасманы тартууда ошол мезгилдин тарыхый атмосферасын калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Кино жаратуучулар эски имараттарды, көчөлөрдү жана доордун өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу үчүн атайын декорацияларды колдонушкан. Айрым көрүнүштөрдө заманбап технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү да пайдаланылган.

Эл аралык сыйлык — улуттук маданияттын жетишкендиги

Ушул жылы «Бриллиант көпөлөк» кино сыйлыгына 19 мамлекеттен 41 тасма катышып, «Мыкты тасма» номинациясында Никита Высоцкий менен Илья Лебедев тарткан «Август» көркөм тасмасы жеңүүчү болду. Ал эми Евразия аймагынан тышкары тартылган мыкты тасма деп кубалык режиссёр Руди Моранын «232-көчө» чыгармасы табылды. «Мыкты режиссёр» номинациясына Каныбек Калматовдун жеңишке жетиши өлкөбүздүн кино тармагындагы чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу көрсөттү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, ар кайсы өлкөнүн окурмандарына руханий азык болуп келет. Эми анын өмүр жолу тууралуу тартылган тасма да дүйнөлүк көрүүчүлөргө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн таанытууга өбөлгө түзөт. Кино жөн гана көңүл ачуучу өнөр эмес. Ал элдин тарыхын, эс тутумун, улуттук жүзүн жана руханий баалуулуктарын кийинки муундарга жеткирген күчтүү каражат. Каныбек Калматовдун «Айтматов» тасмасынын эл аралык сыйлыкка татышы ушунун дагы бир далили болду. Бул ийгилик кыргыз киносунун жаңы барагын ачып, жаш кинорежиссёрлорго дем-күч берери шексиз. Ал эми Каныбек Калматовдун жеңиши — улуу жазуучунун ысымын кино аркылуу дагы бир жолу дүйнөгө тааныткан маанилүү чыгармачылык жетишкендик.

Даярдаган Чынара КАЛМАТОВА

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X