Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме өткөрүлдү. Иш-чарага дыйкан-фермерлер, айыл өкмөт башчылары, жер адистери, жазгы талаа иштерин координациялоо боюнча райондук штабдын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.
Семинардын жүрүшүндө адистер айыл чарба тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат берип, практикалык сунуштарын ортого салышты. Өзгөчө жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары, сапаттуу силос даярдоонун технологиялары жана агротехникалык талаптарды туура сактоо маселелерине басым жасалды.
Маалыматка ылайык, “Калпак” кооперативи 2025-жылы 300 тонна силос өндүргөн. Ал эми 2026-жылы бул көрсөткүчтү 3000 тоннага жеткирүү пландалууда. Бул максатта жаңы технологияларды киргизүү, өндүрүш көлөмүн кеңейтүү жана агротехникалык эрежелерди так сактоо зарылдыгы белгиленди.
Адистердин айтымында, мындай семинар-кеңешмелер дыйкан-фермерлердин билимин жогорулатып, айыл чарба тармагында инновациялык ыкмаларды жайылтууга жана жазгы талаа иштерин өз убагында, сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.