Калыйнур Үсөнбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш өттү

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбаевдин жаркын элесине арналган жаштар жана өспүрүмдөр арасында аскердик кармаш-уруш боюнча II эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мелдеште Кыргызстан, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнөн келген жалпы 300дөн ашуун спортчу күч сынашты.

Командалык эсепте жеңүүчүлөр:

1-орун — КР Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын багыттагы аскер бөлүгү;

2-орун— Ички иштер министрлигинин академиясы;

3-орун — КРнын Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту.

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X