Калың кар жана кескин суук. Ат-Башы менен Жети-Өгүздө майда малдын чыгымы катталды
Кескин өзгөргөн аба ырайы жана калың кардын жаашынын кесепетинен Ат-Башы району жана Жети-Өгүз району аймактарында майда малдын чыгымга учураган учурлары катталды.
Адистердин маалыматына караганда, учурдагы мал өлүмү жугуштуу оорулар менен байланыштуу эмес. Негизги себеп катары аба ырайынын кескин сууктоосу жана айрым чарбаларда койлордун эрте кыркылып, жайлоого чыгарылышы көрсөтүлүүдө. Натыйжада малдын суукка туруктуулугу төмөндөп, чыгымга алып келген.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын билдирүүсүндө, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан малчыларды колдоо максатында жетиштүү көлөмдө тоют даярдалып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин көмөгү менен жайлоолорго үзгүлтүксүз жеткирилип келатканы айтылды. Учурда эпизоотиялык абал туруктуу деп бааланууда.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө аба ырайы турукташып, жааган кар эриген. Чыгым болгон малдын калдыктары тоют ташыган унаалар аркылуу айыл аймактарына жеткирилип, андан соң ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жок кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар кырдаалды көзөмөлдө кармап, жайлоодогу малчыларга зарыл жардам көрсөтүүнү улантууда. Ветеринардык адистер болсо малдын абалын туруктуу көзөмөлдөп, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.