Камчыбек Ташиев балдар эндоскопия бөлүмүнө жаңы медициналык жабдууларды тапшырды

10-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 млн сомдук «SonoScape 550» маркасындагы «Эндоскоп» медициналык жабдыктарын тапшырды.

Сапар учурунда УКМК төрагасы борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, медициналык кызматкерлердин кайрылуусуна жооп берди. Эндоскоп жабдыктары ички органдарды жана хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүнчүлүк берип, балдардын ооруларын дарылоодо дарыгерлердин иштерин жеңилдетет.

10-июнь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X