Камчыбек Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүүдө

30-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 16

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Ушу тапта ал облустук администрацияда жабык жыйын өткөрүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан  Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Акыркы маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

30-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X