Камчыбек Ташиев Ташкентте Өзбекстандын премьер-министри Арипов менен чек ара маселесин талкуулайт
24-25-мартта Ташкент шаарында кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациясы жана демаркациясы боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүү өтөт. Кыргызстан тараптан жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандан премьер-министр Абдулла Арипов баштаган расмий делегациялар катышат. Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин үч айдын аралыгында чечилерин 12-мартта президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда айтылган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1 миңден ашуун чакырымы такталган.