Жакында эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чырмалышкан чек ара маселеси боþнча маек берип, коңшу өлкөнүн жетекчилери бизге карата дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап жа¢ыдан табылган тарыхый документтерге таянуу менен укуктук негизде чындап доомат коёрун билдирди. Өз учурундагы, өз маалындагы билдирүү болду.
«Бир нерсени айтып коюшум керек, Тажикстандан агрессия болгону анык, чын. Мындан ары андайга жол бербейбиз! Алар бизге территориялык доомат коюп келген, биз аларга жооп берип, “аймактык доомат коюлбашы керек” деп келгенбиз. Жакында жаңы документтерди таптык, ошол документтердин негизинде биздин Кыргызстандын көп жерлери Тажикстанга өтүп кеткени белгилүү болду. Аны юридикалык, тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгерде Тажикстан Кыргызстанга койгон аймактык дооматтарынан баш тартпай турган болсо, анда ошол документтердин негизинде юридикалык жактан аймактык дооматтарды биз коёбуз. Ага күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет. Өзүбүздүн, мурдатан берки тарыхый, канча жылдар мурда коңшу өлкөгө өтүп кеткен жерлерибизди кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, күчүбүз жетет” деди Камчыбек Ташиев.
Коомчулук Камчыбек Ташиевдин бул сөзүн мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген, мүлдө кыргыздын тилегине шайкеш болгон билдирүү катары баалап жатат. Чындыгын айтыш керек, буга чейин бир дагы кыргыздын аткаминери мындай чечкиндүү пикирди айта алган эмес. Тескерисинче чек ара маселесин чечүүдө мажирөөлүгүн көрсөтүп келишкенин жалпыбыз жакшы билебиз. Жумурай журт мындай жагдайга абдан нааразы болуп, “өзүбүздүн сыртта калган жерлерди талашмак тургай, Үзөңгү-Кууш, Каркыра сындуу жерлерибизди белек кылып беришти” деген сөздөрдү бүгүнкү күнгө дейре айтып келе жатышат. Турмуш чындыгында – жерлер кетти. Тилекке каршы, аларды эми кайтарып ала албайбыз.
Кыргыз-тажик чек арасынын көйгөйүн жакындан билген талдоочулардын айтымына караганда кошуналар Лейлек районундагы дооматтардан сырткары Ак-Сай айылынын тегерек-четиндеги жерлерди талашып, Ворухка каттаган жолду толугу менен өздөрүнө ыйгарганга аракет кылып келе жатышат. Баягы Мадумаров ижарага алган 275 гектар жерди ачык эле “биздики” деп доомат коюп, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес протоколду беттерине кармаган боюнча какайганы таң калтырууда. Талаштуу аймак экенин моюндабай, “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, бизге тынымсыз дооматын артып жатканы чек ара чырын огобетер курчутууда. Мындай керсейген шартта иш жылбайт. Ушундай аргасыздыктан улам Камчыбек Ташиев жогорудагы билдирүү менен чыгып, маселени кабыргасынан койду. Ачыгын айтышыбыз керек, бул абдан туура кадам болду. Элдин канчадан бери көксөгөн тилеги орундалып, көкөйдөгү түйүлгөн сөзү айтылды. Ага катар жаңы документтер көпчүлүккө дем берди.
Албетте, генерал мырза табылган документтерди алдыда ачыкка чыгарары турган иш, бирок ага чейин эле тажик тарапка кеткени белгилүү болгон кыргыз жерлери элдин баарына белгилүү болгон. Маселен, 100 пайыз кыргыз жашаганына карабай, 1929-жылы берилген Жерге-Тал менен Мургаб тарыхый документтерде ачык эле кашкайып көрүнүп турат. Ал жерлер жөн гана келишим менен өтүп кеткен, бүгүнкү күнгө чейин ратификация болгон эмес. Демек, юридикалык күчү жок. Ушундай юридикалык күчү жок Карабак анклавы Союздун маалында Арменияга өтүп кеткен эле, азыр аны Азербайжан кайтарып алды. Баса, былтыр Орус Президенти В.Путин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүдө архивдик материалдарды берүүгө убада берип, эки тарапта жок карталар Москвада бар экенин билдирген. Алардын чекеси көрүнө баштаганын генералдын сөзүнөн кийин баамдасак болчудай…
Кызыгы, тажик тарап 1925-жылдагы карта менен чечүүнү талап кылып жатканы бул нонсенс. 1929-жылга чейин Тажик ССРи өзү жок болчу, Кожент облусу Өзбек ССРнин курамында болгон. Жерге-Тал менен Мургаб аймагы Кыргыз АССРине караган, аны тастыктаган карталар турат. 1929-жылы өз алдынча Тажик ССРи болуп түзүлгөн маалда Согд облусу менен чылк кыргыздар жашаган ЖергеТал жана Мургаб кошулуп кеткен. Баш-аягы 60 миң чарчы чакырымдан ашуун жер үчүн карт тарыхта далай кыргыздын каны төгүлгөн, азыр аркайып күмбөздөрү турат, ата-бабанын сөөктөрү жатат.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев былтыр бул маселеде агынан жарылып, “Түпкүлүгүндө кыргыздар жердеген райондордо жана Баткенге чектеш Согд облусунда кыргыздар жашаган айыл-кыштактарда акыркы он жылдардан бери тажиктештирүү саясаты ырааттуу жүрүүдө: кыргыздарды куугунтуктап көчүрүү, алардын үйлөрүнө тажиктерди жайгаштыруу, жетекчиликке тажиктерди дайындоо, кыргыз мектептерди кыскартуу, кыргызча аталыштагы жерлерди тажикчелетүү ж.б. болууда. Маселен, Жерге-Тал району Лахш деп аталып калды. Мен аталган райондордогу жана Согдидеги абалды жаш күнүмдөн бери жакшы билем, анткени ал жерлерди өз көзүм менен көп жолу көргөм, ал жактарда туугандарым, досторум азыр да жашайт. Биз ал жактарда жашаган бир боорлорубузга кам көрүүгө милдеттүү болсок да өз ара расмий мамилени бузуп албайлы деп, Тажикстанга бул маселени ачыктап коё албай келдик”, деп айтканы эле көп нерседен кабар берип турат.
1925-жылдагы карта. Муграб, Жерге-Тал Кыргызстанга карап турган.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: “ДОСТУК МАМИЛЕНИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЗАРЫЛДЫГЫН ДАГЫ БИР ЖОЛУ ТАСТЫКТАДЫ”
— Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек ара маселеси боюнча комиссиянын төрагасы катары биздин бир катар жерлерибиз бир убактарда коңшу өлкөгө өтүп кеткенин тастыктоочу жаңы документтер табылганын жана комиссиянын мындан аркы сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө зарылчылык жаралса ал документтер ачыкка чыгарылаарын жакында билдирди. Тарыхый, архивдик жана башка маалыматтагы жаңы документтердин пайда болушу жана аны тараптардын өзүнүн позициясын ырастоого жана бекемдөөгө колдонуусу толук кандуу нормалдуу көрүнүш. Бул документтердин баалуулугун жана маанилүүлүгүн жолдоштук, достук кырдаалда эки өлкөнүн комиссия төрагалары аныкташса болмок. Тажикстандын ТИМи тарабынан демаршка чейин көтөрүп, мамлекеттер аралык казуска жеткирүүнүн кереги жок эле. Болуп жаткан окуялар чек ара маселесин жакынкы убакытта чечип, жарандарга тынч жашоону камсыздоо, биздин элибиздин жана мамлекеттерибиздин ортосундагы коңшулук боордоштук, достук мамилени калыбына келтирүү зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады.
Мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ: “КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН СӨЗҮНДӨ УЛУТТУН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ЖАТАТ”
— Камчыбек Ташиев Тажикстанга тиешелүү маалыматты коомчулукка бергени туура болду. Айрымдар «минтип айтуу туура эмес болуп калды, чыгарбаш керек болчу» дегендей пикирлерин айтып жатышат. Бирок жалпы эл аралык мамилелердин тартиби боюнча мамлекеттин жетекчилиги өзгөчө тышкы саясатты жүргүзүүдө элдин колдоосун алышы зарыл. Камчыбек Ташиевдин сөзүндө улуттун кызыкчылыгы жатат. Анын билдирүүсүндө тажик тарапка эч кандай күнөөлөр коюлган жок, тарыхый документ гана факт катары айтылды. Чек ара маселеси боюнча эки тараптык комиссияга маалыматтар берилээрин билдирди.
Экс-вице Премьер-министр Абдырахман МАМАТАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧОҢ АЙМАКТАРЫ ТАЖИКСТАНГА ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛГЕНИ БОЮНЧА АРХИВДИК МАТЕРИАЛДАР БАР”
— Камчыбек Кыдыршаевич абдан туура айтып жатат. Мен муну бир топ жыл чек ара маселеси боюнча алектенген адам катары тастыктап айта алам. Союз учурунда Кыргызстандын нечендеген чоң аймактары Тажикстанга негизсиз өткөрүлүп берилгени боюнча архивдик материалдар бар экендиги жөнүндө бизде да маалымат бар. Биз дагы учурунда тажиктерге “аймактык дооматты” токтотпосоңор, чоң аймактарды кайтарып берүү тууралуу талапты коёбуз» деп айтканбыз. Ошол мезгилде макулдугун берип, доомат коюудан баш тартышкан. Бирок, бизде жетекчилер тез-тез алмашкандыгына байланыштуу алар улам эле жаңы жетекчиге курулай дооматтарды айтып келе жатышат.
Академик Сабырбек ЖУМАБЕКОВ: “КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН СӨЗҮ ӨЗ УБАГЫНДА АЙТЫЛДЫ”
— Ташиевдин билдирүүсү жөн салды айтылган сөз эмес деп ойлойм. Ал талданып, такталып, анан коомчулук менен кеңешип ортого салчу сөз болду окшойт. Тажикстан доомат коюп жатса, бизде да доомат бар, тарыхый документтер бар деп алып чыкканы туура болду деп эсептейм. Экинчиден, мурдагы Кыргызстан менен азыркы Кыргызстанды салыштырып болбойт. Коопсуздук маселеси, өзүбүздүн чек араларды бекемдөө, армияны күчөтүү боюнча кандай жылыштар болуп жатканына күбөбүз. Камчыбек Ташиевдин сөзү тарыхый документтерге таянып айтылган жыйынтык болду. Ал өз убагында айтылды.