Камсыздандыруу: Шамалдан жабыркаган мектепке 1,1 млн сом төлөндү

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

Чүй облусундагы мектепке 1,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөндү.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК Чүй облусунун Он Бир-Жылга айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектепке 1 196 482 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 21-февралында катуу шамалдын кесепетинен Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектептин чатыры жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге жеткени айтылган.

Окуядан кийин камсыздандыруу уюмунун Чүй облустук филиалынын адистери жерине барып, келтирилген зыянды каттоодон өткөрүшкөн. Тиешелүү документтер даярдалып, ыйгарым укуктуу органдардын корутундусунун негизинде төлөм толук көлөмдө берилди.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 7-апрелине карата республика боюнча “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК тарабынан жалпы 786 камсыздандыруу учур боюнча 102,5 млн сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн. Бул көрсөткүчтөр ОСАГО, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу, ошондой эле башка камсыздандыруу түрлөрүн камтыйт.

9-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X