Канадада аномалдуу ысыктан 100дөн ашык адам каза болду

Канаданын провинцияларынындагы шаарларда аномалдуу ысыктын кесепетинен 100дөн ашык адам каза боду. Буга чейин Бернаби шаарынын полиция кызматкерлери аптаптуу ысыктан улам, 30 адамдын көз жумганын билдирген болчу.

СВС каналынын маалыматына ылайык, Ванкувердин укук коргоо органдары аномалдуу ысык башталгандан тартып 65 адамдын өлүмүн кабарлаган. Белгилей кетчү жагдай, Ванкуверде буга чейин мындай аномалдуу ысык аба-ырайы катталган эмес. РИА Новостинин билдирүүсү боюнча, Сюррей шаарында дагы 38 адам каза болгон.

Британдык Колумбия провинциясынын метерологиялык кызматынын маалыматы боюнча, кечээ, 29-июнда абанын температурасы 49,5 градусту көргөзүп, өлкөдө тарыхый рекорддук көрсөткүч катталды. Буга чейин ушул эле провинциянын Литтон шаарында , аба 46,6 градуска чейин ысып, өлкөдөгү эң жогорку температура боюнча рекорд жаңыланды деп маалымдалган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X