Каналга түшүп кеткен эки жашар наристенин сөөгү табылды

17-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Увам» каналына түшүп кеткен эки жаштары нарситенин сөөгү табылды.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кичинекей бөбөктүн сөөгү туугандары тарабынан 18-апрелде түнкү саат 21:30та табылган.

Белгилей кетсек, күн мурун каналга түшүп кеткен 2021-жылы туулган Б.Х. аттуу кичинекей кызды издөөгө 23 куткаруучу тартылган.

17-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X