Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында 25-май күнү Москва шаарында Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүндө уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар Россия аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу, жашы жете элек балдарды Москвадагы жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу сыяктуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Министр жарандардын суроолоруна кеңири түшүндүрмө берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам кароо боюнча Өкүлчүлүктүн жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жолугушуу мекендештердин көйгөйлөрүн жеринде угуп, аларды чечүү механизмдерин талкуулоо максатында уюштурулганы белгиленди.