Канат Сагынбаев энелерди майрамы менен куттуктады
Сагынбаев Канат Латипжанович Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык энелерин жана апаларын куттуктады.
Министр куттуктоосунда эне жашоонун башаты, сүйүүнүн, камкордуктун жана жылуулуктун булагы экенин белгилеп, бекем үй-бүлө аркылуу күчтүү мамлекет түптөлөрүн айтты.
“Улуттун келечеги энелердин колунда” деген сөздүн терең маанисине токтолгон министр энелер баланын тарбиясына, адеп-ахлагына жана ден соолугуна негиз болоорун баса белгиледи.
Куттуктоодо баланын алгачкы жаш курагынын маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, үч жашка чейинки мезгил анын толук кандуу өсүп-өнүгүүсүндөгү эң жооптуу этап экени жана эненин мээрими, камкордугу, руханий колдоосу жана коопсуз чөйрөсү баланын келечегине түздөн-түз таасир этерин айтты.
Ошондой эле министр мамлекет тарабынан энелерди жана үй-бүлөлөрдү колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык коргоо саясатынын алкагында энелерди жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган бир катар программаларды ишке ашырууну улантууда.
Атап айтканда, көп балалуу үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин берилүүчү «Бала береке» жөлөкпулу жана үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан энелерди колдоого багытталган «Бала ырысы» программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиледи.