Канатбек Чыныбаев Чүйдөгү кооптуу объектилерди кыдырып, тапшырмаларды берди

14-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Элкинбек Аширбаев облустагы сел жана суу ташкыны коркунучу бар аймактарды жеринен текшеришти.

Сокулук районунун Исмаил айылындагы сел өтүүчү каналдын, Москва районундагы суу топтоочу курулманын жана бир катар дренаждык тутумдардын абалы каралды. Ошондой эле Жайыл жана Панфилов райондорундагы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн иши менен таанышып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Феодоровка айылындагы узундугу 1500 жана 700 метр болгон дренаждык тутумдарды оңдоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу чечилди. Ал эми Будковский суу топтоочу курулмада суунун нугунан чыгып кетүү коркунучун алдын алуу боюнча иштер жыл соңуна чейин жүргүзүлөт.

Жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге сел жана суу ташкынынын алдын алуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X