Канатбек Чыныбаев Ысык-Көлдөгү селге каршы курулуштардын жүрүшү менен таанышты
Бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында сел өтүүчү каналдардын курулушунун жүрүшү жана селдин кесепеттерин жоюу иштери менен жеринен таанышты.
ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту жана Темир айылдарында сел өтүүчү каналдар курулуп жатат. Долбоорго ылайык, эки айылдагы курулуш иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалган.
Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570 метр болгон сел өтүүчү каналдын курулушу жүрүп жатса, Темир айылында узундугу 2040 метрди түзгөн канал курулууда.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Ысык-Көл районундагы Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу дарыясынын нугунда курулган көпүрөнү да көрүп чыкты.
Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл району жергиликтүү тургундар гана эмес, өлкөнүн негизги туристтик аймактарынын бири экенин белгилеп, калктын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн селден коргоочу инфраструктураны өз убагында бүтүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.