Канатбек Маматов: Баш калаада улуттук оюндарга өзгөчө көңүл бурулууда

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 154

Кырктын кырынан эми оогон Канатбек Ильясович жаштайынан карьералык секиригин калаа мэриясынын катардагы кызматкеринен баштап, шаардагы күнүмдүк көйгөйлөргө эрте аралашкан, бул жаатты ичтен билген өздүк кадрлыгы менен айырмаланат. Шаардагы кайнаган тоодой маселелер мындай чыйрак кадр үчүн жат эмес. Баш калаадагы жоопкерчиликтүү кызматтын жетекчиси менен өзү башкарган тармактагы ийгиликтерди, айрым көйгөйлөрдү сурап, кеңири маанайда баарлашууга үлгүрдүм. Эмесе,  Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин жетекчисинин маегине биз менен бирге баам салыңыздар.

— Канатбек Ильясович, Көчмөндөр оюндарында баш калаадагы спортчулардын улуттук мелдештерге катышуусу, көрсөткөн жыйынтыктары болдубу? Болсо кандай ийгиликтерди жаратышты?

— Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Бишкек шаарындагы спорттук мектептердин тарбиялануучуларынан жалпы 44 спортсмен, 16 машыктыруучу катышты. Булардын ичинен жакшы жыйынтык көрсөтүп, алдыңкы орундарга илингендердин саны 25ти түздү. Мындай эсептик көрсөткүчтүн өзү Бишкек шаарында улуттук оюндарга өзгөчө көңүл буруларын тастыктайт. Баш калаабызда дал ушул улуттук оюндар боюнча атайын адистештирилген спорт мектебибизде улуттук оюндардын 3 түрү, тагыраагы, тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөшү боюнча атайын бөлүмдөр бар. Ошол бөлүмдөрдө ушул тапта 40 машыктыруучунун астында 698 бала улуттук оюндардын түрлөрү менен машыгышууда. Мындан сырткары ошол эле мектепте спортчуларыбыз улуттук оюндардын түрлөрүнө кирбеген, а бирок, Көчмөндөр оюндарынын программасында бар оюндун түрлөрү менен машыгып жатышат.

— Ушул күндөрү баш калаабызда спорттун дээрлик бардык түрлөрү боюнча машыгуу залдары “жаандан кийинки козу карындардай” эле жайнап ачылууда. Мындай залдарга, андагы машыгуунун жүрүшүнө ырааттуу көзөмөл жүргүзүлөбү? Же ким кааласа машыгуу залын ачып, балдарды топтоп, бул жагын да каражат түшүп турчу булакка айландырып алыштыбы?

— Мен андай дебейт элем. Баш калаабызда мамлекеттин эсебинен же муниципалдык каражатка курулган спорт залдар болсо алар толугу менен биздин кызматтын эсебине өткөрүлүп берилет. Учурда Бишкек шаарында атайын адистештирилген балдар, өспүрүмдөр олимпиадалык 12 резерв мектебибиз бар. Бул мектептерде балдар бекер машыгышат. Былтыркы окуу жылында 9621 бала машыгышса, быйыл ал көрсөткүчтү 13000 балага жеткирүү пландаштырылган. Ал эми шаарыбызда жеке каражаттын эсебинен курулган андай деле бир укмуш чоң спорт залдарыбыз жок. Бардыгы мамлекеттик каражаттын эсебинен курулган муниципалдык залдар болуп эсептелет. Айтор, булардын ишмердүүлүгүнүн бардыгы биздин толук көзөмөлүбүздө. Аныгында бул жааттагы мамлекеттик саясатты өлкөбүздүн дене тарбия жана спорт агенттиги жүргүзөт.

— Жеке менчик спорт залдарды ачууну каалагандарга талап катуу болобу?

— Албетте, ким болбосун андай максаты барлар мыйзамда каралган бардык тиешелүү талаптарды аткарышы керек. Ачылган күндө дагы тажрыйбасы бийик машыктыруучулар, заманбап тейдеги шарт-ыңгайы болушу абзел.

— Жетекчи катары өзүңүз башкарган тармактагы кайсы көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүгүңүз жетпей жатат? Илме-чалма көйгөйлөрдөн сиздер деле куру эмес болсоңуздар керек…

— Убагында бул тармакта көйгөйлөр абдан көп болгон. Алардын баарын артка кылчайып, эстеп, четинен тизмектегим деле келбейт. Азыр барган сайын биздеги көйгөйлөр Өлкө жетекчилигинин жана шаардын мэри Айбек Жанышбековичтин зор колдоосу менен чечилүүдө. Мындан 5-6 жыл мурун жер төлөлөрдө машыгып жүргөнүбүзгө деле “бактылуу болуп” жүрбөдүк беле, туурабы? Ал эми азырчы? Соңку убакта Бишкек шаарыбызда “Жаштык Арена”, “Алга” стадиону баштаган эл аралык аренадагы бир катар спорттук базалар, Маевка айылындагы күрөштүн түрлөрү боюнча спорттук комплекс сыяктуу машыгуу залдары ачылууда. Башкасын айтпаганда да биздин кызматтын эсебинде турган мектептердин спорт залдарынын оңдоо иштери менен андагы заманбап спорттук жабдууларга каражаттар жылдан-жылга жакшы бөлүнүүдө. Мунун өзү өлкөдөгү дене тарбия жана спорт тармагы боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты мамлекет тарабынан абдан жакшы колдоо болуп жатканын айгинелейт. Бардыгы салыштырмалуулуктан билинет го? Андыктан, жогорудагыдай салыштыруум менен бул жааттагы абалды ажыратып, талдап алсаңар болот.

— Сиздердин тармакта иштеген кызматкерлердин маяналары көбөйдүбү?

— Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин борбор калаабыздагы машыктыруучуларыбыздын орточо айлыгы 17-20 миң сомдун айланасында болсо, 1-апрелден тарта бул көрсөткүч эки эсеге чейин көтөрүлүп, учурда эң аз алган машыктыруучуларыбыз колдоруна 40 миң сомдун тегерегинде маяна алышууда. Жылдык тажрыйбасы көп машыктыруучуларыбыз мындан да көп алышат. Мамлекет жетекчилиги башка тармактардын өкүлдөрүндөй эле бизди да унутпай, зор колдоо кылуу менен маяналарыбызды 2 эсеге көтөрүп бергенине абдан ыраазыбыз.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X