Канболот Тутуев, Кемин районунун акими: “Элибиз жылуу мамилеге муктаждыгын байкадым”
Мамлекеттик башкаруудагы ротация саясатынын эпкини жетекчилер арасынан негедир Канболот Мусаевичке көбүрөөк тийгендей сезилет. Кара-Кулжа, Ноокат, Ысык-Ата, кезегинде Нарын калаасынын жетекчилик кызматында белсемдүү эмгектенген маектешим, күнү бүгүн Кеминде эмгектенип, аталган аймактардын баарынан күйөрмандарын топтоого жетишкен. Район жетекчиси менен ал-абал сурашканча айрым соболдорума жооп алганга жетиштим.
– Канболот мырза, жергиликтүү жетекчилердин эл менен жолугушуусунан жетекчи катары кандай жыйынтык чыгаруудасыз? Элге материалдык дүйнөдөн сырткары дагы эмнелер керек экен?
– Өзүңөргө белгилүү болгондой Урматтуу Президентибиз
Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен облусубуздун башчысы келип, жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Сары-Өзөн аймагы боюнча облус жетекчисинин жергиликтүү эл менен биринчи жолугушуусу дал ушул биздин Кемин районундагы ар бир айыл өкмөт, шаарларда башталды. Жергиликтүү эл тарабынан айтылган суроо-талап, сунуш бергендер менен жеринде жолугушуп, көзмө-көз да сүйлөшүп кайттым. Ушул күндөрү жергиликтүү элге эң ириде мамлекеттик муниципалдык кызматкерлердин жылуу мамилеси керек болуп жаткандыгын байкадым. Айрым учурларда жергиликтүү элге мамлекеттик кызматкерлер орой мамиле кылып койгондуктанбы, эл менен жолугушууда жарандарыбыз ушундай көрүнүшкө катуу капа болушканын билдиришти. Карапайым элибиз мамлекеттик кызматкерлердин жылуу мамилесине өзгөчө муктаж экендигин бул сапар жетекчи катары даана байкадым.
– Райондо жалпысынан дотациядан чыга элек канча айыл өкмөтү бар? Мындай катмардагы айыл өкмөттөрдү канча жылда дотациядан чыгаруу планыңыздарда бар?
– Кемин районунда жалпысынан 4 ири айыл өкмөтү менен райондук маанидеги 2 шаар бар. Ушул 4 айыл өкмөтүбүз менен 2 шаарыбыз тең толугу менен бүгүнкү күндө дотациядан чыгышкан. Ошого карабастан алдыбызда айыл өкмөттөрүбүздүн дагы да бюджетин көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу сыяктуу бир катар иштерди аркалоо милдети турат. Биз мындай асыл максатыбызга жетебиз.
– Соңку жылдары Кемин аймагына алыс-жакындан агылган эс алуучулардын катары калыңдаганы байкалууда. Быйылкы жылы районго канча туристтин келээри болжолдонууда?
– Маселен, өткөн жылы жалпысынан районго 26 миңге чамалаган туристтер келишсе, быйылкы жылы 30 миңден ашуун меймандар келет деп күтүп жатабыз. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу аркылуу Кемин шаарына киргенден тарта чыкканга чейинки 2 чакырымга созулган жолдун эки тарабына вело-тилкелерди, атайын отургучтарды, жарыктандыруу шамдарын заманбап ыкмада жакын арада жасоого киришкени турабыз. Чоң-Кемин аймагына соңку убакта эс алуучулар кадимкидей агылып келишүүдө. Туристтик мезгилдин күчөгөн маалында 1 күндө 3 миңге чукул ички-тышкы меймандар кирип чыгышат. Чоң-Кеминге кирип баратканда “Алтын-Булак” аталышында эс алуучу жайыбыз бар. Бул жайдын абалы учурда кейиштүү абалга келип калган. Учурда биз бул жайдын долбоорун жасатып жатабыз. Болжолдуу баасы 40 миллион сомдун тегерегинде болот экен. Алыс-жакындан келе турган туристтерибиз үчүн жакшы шарттарды түзүүгө арналган мындай аракетибиз ишке ашса, бул жай эң бир сонун заманбап эс алуу жайына айланаарына ишендирип кете алам.
– Эгемендүүлүк майрамына карата райондун аймагында кандай маанилүү жаңылыктар жана канча ачылыштардын болоору күтүлүүдө?
– 31-августта белгиленчү мамлекеттик маанидеги мааниси терең майрамыбызга карата биздин райондо бир топ чоң-чоң ачылыштар болгону турат. Жаңы мектептер, бала бакчалар салынып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн социалдык маанидеги имараттарыбыздын бир канчасынын ачылышы күтүлүүдө. Анын баары убагы келгенде жарыяланат.
Калыгул Бейшекеев