Кант талаасында түшүм кандай болууда?
Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо сезону башталууда. Дыйкандар жыл бою төккөн эмгегинин үзүрүн көрүп, мол түшүм алууга үмүттөнүп турушат. Быйыл Чүй жана Талас облустарында жалпысынан 650 миң тонна кант кызылчасын жыйноо пландалууда. Жаз айларында жаан-чачындын мол болушу түшүмдүн жакшы болушуна шарт түзөт деген ишеним бар.
Өткөн жылдардагы көрсөткүчтөргө көз чаптырсак, 2024-жылы өлкө боюнча болжол менен 1 миллион тонна кант кызылчасы жыйналган. Ал эми 2025-жылы жазгы жагымсыз аба ырайынын кесепетинен түшүм баштапкы пландагыдан төмөн болуп, 550 миң тоннага чейин азайган. Бул көрсөткүчтөр кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнө аба ырайынын таасири чоң экенин айгинелейт.
Кант кызылчасы – миңдеген үй-бүлөнүн киреше булагы
Кыргызстанда кант кызылчасы Чүй жана Талас облустарында өстүрүлөт. Жыл сайын 3 миңге жакын фермер кант заводдору менен келишим түзүп, бул тармакта жалпы 100 миңге жакын адам эмгектенет. 2026-жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар жерге айдалган.
Кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү менен «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» ачык акционердик коомдору алектенет. Эки ишкананын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 6,8 миң тонна кант кызылчасын кайра иштетүүгө жетет.
Талааларда кызуу жумуш жүрүп, күн сайын 15-18 миң тонна кызылча жыйналууда. Аны ташуу үчүн күнүнө 700дөн 900гө чейин жүк ташуучу унаа каттайт. Мындай көлөмдөгү түшүмдү өз убагында кабыл алуу жана заводдорго жеткирүү оңой эмес. Ошондуктан фермерлердин убактысын үнөмдөө, унаалардын узун кезегин кыскартуу максатында кызылча кабыл алуу пункттарында электрондук кезек системасы киргизилүүдө.
Учурда Чүй облусунда жети, Талас облусунда бир кызылча кабыл алуу пункту иш алып барат. Түшүмдү кабыл алуудагы тартиптин жакшырышы дыйкандар үчүн да, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн да маанилүү.
Гектарына200 миң сомго чейин чыгым кетет
Кант кызылчасын өстүрүү — дыйкандан тажрыйбаны, агротехникалык эрежелерди так сактоону жана олуттуу каражатты талап кылган эмгек. Бир гектар жерге кызылча айдап, өстүрүү үчүн болжол менен 200 миң сом сарпталат. Ага үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май, техника жана башка жумуштарга кеткен чыгымдар кирет.
Быйыл кант заводдору кант кызылчасынын бир тоннасын 5 миң 500 сомдон (кг 5 с 50 т) сатып алууда. Төлөмдүн 30 пайызы акчалай, калган 70 пайызы даяр кант түрүндө берилет. Бирок фермерлердин айтымында, мындай баа бардык чыгымдарды толук жабууга жетишсиз. Ошондуктан алар кийинки жылдары кызылчанын бир тоннасын 7-8 сомдон сатып алуу маселесин кароону сунушташууда.
Дыйкандарды түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири — өндүрүш чыгымдарынын жылдан-жылга өсүп жатышы. Күйүүчү-майлоочу майдын, жер семирткичтин жана айыл чарба техникасынын кымбаттыгы, айдоо жерлеринин тартыштыгы кант кызылчасын өстүрүүнү кыйла татаалдаштырууда. Мунун баары өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркына таасирин тийгизет.
Фермерлердин пикиринде, кант кызылчасын өстүргөндөргө мамлекеттик колдоо күчөтүлсө, тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлмөк. Алар Россия менен Казакстанда бул багытта иштеген фермерлерге субсидиялар берилерин, Европа өлкөлөрүндө айрым учурларда бир гектар жерге 300 еврого чейин колдоо көрсөтүлөрүн белгилешет.
Мындан тышкары, кант өндүрүүчү заводдор үчүн газ менен камсыздоону жакшыртуу жана темир жол тармагын өнүктүрүү да маанилүү. Мындай чаралар өндүрүштүн чыгымдарын азайтууга, ата мекендик канттын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жардам бермек.
Мамлекеттик колдоо бар, бирок көйгөйлөр да аз эмес
Бүгүнкү күндө кант кызылчасын өстүргөн фермерлер үчүн бир катар жеңилдиктер каралган. Атап айтканда, кызылчанын үрөнүн сатып алууга 30 пайыздык субсидия берилип, быйыл жер салыгы алынган эмес. Ошондой эле талаа иштерине керектелүүчү күйүүчү-майлоочу май жеңилдетилген баада — литри 96 сомдон сунушталууда.
Ошентсе да, дыйкандар каржылык колдоону мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын белгилешет. Алардын айтымында, насыялар 7-10 пайыздык үстөк менен берилген күндө да, ири чыгымдарды талап кылган кызылча өстүрүү үчүн бул каражаттын баасы жеңил эместигин айтышууда.
Канттын өзү да Кыргызстандын стратегиялык мааниге ээ тогуз азык-түлүк продуктусунун катарына кирет. Демек, кант кызылчасын өстүрүүнү колдоо — дыйкандардын кирешесин көбөйтүү менен гана чектелбестен, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган маанилүү иштердин бири.
Ошол эле учурда ата мекендик өндүрүштүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү да көңүл бурууну талап кылат. Фермерлердин билдиришинче, кант кызылчасын өстүрүүгө кеткен чыгымдар жогору болгондуктан, жергиликтүү продукциянын баасы сырттан келген кантка салыштырмалуу кымбатка түшөт. Натыйжада импорттук арзан кант көбөйгөн учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатуу кыйындашы мүмкүн.
Түшүмдүүлүк жердин сапатына байланыштуу
Кант кызылчасын өстүрүүдө түшүмдүүлүккө аба ырайы менен катар жердин сапаты да чоң таасир этет. Кызылчаны бир эле жерге жыл сайын кайталап эге берүү туура эмес. Ошондуктан айдоо аянттарын туура пайдалануу жана которуштуруп айдоо эрежелерин сактоо маанилүү.
Фермерлердин маалыматына караганда, бир гектардан 100 тонна кант кызылчасы жыйналса, андан болжол менен 13-14 тонна кант алууга болот. Бирок мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн жердин түшүмдүүлүгү жогору болуп, агротехникалык талаптар толук аткарылышы керек. Кант кызылчасына ылайыктуу жерлердин тартыштыгы да мол түшүм алууга тоскоолдук жаратууда.
Дыйкандар кант кызылчасын өстүрүү көп эмгекти жана каражатты талап кылгандыктан, бардык эле фермерлер бул ишке бара бербей турганын айтышат. Андыктан тармакты өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу, сапаттуу үрөн менен камсыздоо жана фермерлерге жеткиликтүү каржылык шарттарды түзүү зарыл.
Дыйкандын эмгеги акталышы керек
Кант кызылчасын өстүргөн фермерлер үчүн түшүмдү жыйноо менен эле иш бүтпөйт. Аны заводго жеткирүү, кайра иштетүү жана даяр продукцияны сатуу да өзүнчө түйшүк. Учурда кантты фермерлер өз алдынча сатышат. Завод тарабынан алар үчүн онлайн биржа уюштурулган. Анын жардамы менен фермерлер өздөрүнө ылайыктуу баа түзүлгөн учурда продукциясын сата алышат. Маалыматтарга караганда, даяр канттын биржадагы дүң баасы 69-70 сомду түзөт. Мындан тышкары, кызылча кабыл алуудагы кезек жана ташуу маселелерин болтурбоо максатында, бир күндө он машинадан гана жүктөп киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилүүдө.
Быйыл жаз айлары жаанчыл болгондуктан, дыйкандар кант кызылчасынын түшүмү жакшы болот деген үмүттө. Тармактын туруктуу өнүгүшү үчүн дыйкандардын кызыкчылыгын коргоо, өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу жана ата мекендик канттын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу зарыл.
Кенже Осмоналиева