Каныбек Досмамбетов кызматынан бошотулду
Каныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Каныбек Досмамбетов 1-декабрда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кийин анын талапкерлигин Президент сунуштап, 24-декабрда Жогорку Кеңеш макулдук берген соң, расмий түрдө министр болуп дайындалган.