Каныбек Туманбаев Code 95 сертификаты боюнча кабыл алуу башталганын билдирди
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасында Code 95 сертификатын алуу боюнча окутууга расмий кабыл алуу башталганын билдирди.
Бүгүн «TVG Group» эл аралык транспорт компаниясынын директору Ситавичюс Альбертас менен жолугушуу болуп, Кыргызстандын жарандарын европалык стандарттар боюнча окутуу жана аларды Европа өлкөлөрүндө жумуш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Маалыматта белгиленгендей, окутуу программасы Кыргызстанда өткөрүлүп, эл аралык европалык стандарттардын негизинде жүргүзүлөт. Бул жарандарга Европа өлкөлөрүнө баргандан кийин кошумча окуудан өтпөстөн, сертификат алып эле ишмердүүлүгүн баштоого шарт түзөт.
Ситавичюс Альбертастын айтканына караганда, учурда алардын компаниясына 1000ден ашык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынууда. Европада мындай адистердин айлык маянасы 2500 евродон жогору экени айтылды.
Долбоордун негизги максаты жарандарды сапаттуу окутуу менен бирге аларды туруктуу жумуш менен камсыз кылуу. Кабыл алуу боюнча кеңири маалыматты төмөндөгү номер аркылуу алсаңыздар болот: +996 555 793 555