Канышай Мусаева, дизайнер: 2000ге жакын костюм тигилди

21-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 227

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи  31-августта  51 000 орундуу  жаңы салынып жаткан “Бишкек Арена”  стадионунда өтөт жана ШКУнун мааракелик саммитине туш келет.  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чаралары Ысык-Көлдө уланып, 4 локацияда өтөөрү пландалууда. Оюндарга 100дөн ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.

Бул  иш-чаранын кийимдер боюнча башкы сүрөтчүсү, дизайнер Канышай Мусаева. Ал  командасы менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 4 локациясындагы  бардык катышуучулар үчүн сахналык жана салттуу кийимдерди тигүүдө. Дизайнер  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын костюмдары, образдары кандай жаралып, тигилип жатканы тууралуу ой бөлүштү.

Жаңы эмгектерди жаратуу – чоң жоопкерчилик

— Көчмөндөр оюндары эл аралык ири иш-чара.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мекенибизди, улуттук маданиятыбызды, тарыхыбызды даңазалайт.  Миңдеген коноктор келет. Ал эми мен үчүн бул долбоордун командасында иш алып баруу, жаңы эмгектерди жаратуу чоң жоопкерчилик.  Жаз мезгилинен бери эле тынымсыз миңдеген костюмдардын эскиздери кагазга түшүрүлдү. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру тандап алган долбоорлордун негизинде костюмдар тигилип, соңку баскычтарга келип калдык. Биздин командадагы 20дан ашык өз ишинин чебер уз айымдары костюмдарды тигип жатышат.

Салттуу жана заманбап эстетиканы айкалыштыруу

— Ар бир уз чебер ар бир образга өзгөчө кылдаттык менен мамиле жасашарын түшүнөм. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында костюмдарды тигүүдө эки эсе жоопкерчилик бар экени анык. Мында ар бир кийимдин ар бир деталы, кездеменин  сапатынан тартып улуттук оймо-чиймелерге  жана аксессуарларга  тарыхый тактыкты, салттуулукту, заманбап эстетиканы айкалыштыруу башкы зарылдык. Улуттук кийим ошол элдин түпкүлүгүн чагылдыруу менен катар жаркырап, заманга шайкеш нукуралуулугун сыртка берип туруусу абзел.

Локацияга костюмдар даярдалууда

— Биздин команда  Ысык-Көлдүн 4 жеринде өтө турчу  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына бардык костюмдарды даярдап жатат.  Уз чеберлер  биринчи локация Кырчын жайлоосу, экинчи  «Рух Ордо» комплексинде, үчүнчү «Көчмөндөр жаңырыгы», төртүнчү Көчмөндөр оюндарынын жабылышы аземиндеги концертке кийилүүчү костюмдарды даярдоонун соңку баскычтарына келип калды. Жалпы 2000ге жакын костюм даяр. Анын ичинде Кырчын локациясы үчүн гана 400дөн ашуун костюм тигилди.  Кырчында негизи салттуу костюмдарга басым жасалат. Мисалы, костюмдардын бирин  айтсам, иш-чарада ал  цирк өнөрлөрүн көрсөтүүдө артисттер үчүн кыргызча колорит менен жасалган костюмдар тигилүүдө. Ал эми “Рух Ордо” локациясында кыргыз музыкалык аспаптарын жараткан 5 образ бар.  Алардын бири кыл кыяк. Бул образды ачуу үчүн эркек киши кийет.  Ал кийүүчү кийим чыптама жана көйнөк  бел боосу бар шым жана  калпагы менен болот. Ушундай стилдүү образ жаралды.  Өңдөрү болсо кочкул кызыл  жана бозомук түстө болот.  Саймалар менен шөкөттөлөт.  Экинчи образ комузчунун образы.  Мында чыптама көйнөк шымы менен болот.  Бийчилерибизге да сонун костюмдар тигилди. Белдемчи жана көйнөк болот. 30 бийчи кийип чыгат. Ушул өңдүү сахнага жана салтыбызга, кыргыз маданиятына ылайыкташкан образдарды жаратып, бизге артылган ишенич, жалпы эл алдындагы чоң жоопкерчилик үчүн бар аракетибизди көрүп жатабыз.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X