Каппадокиядагы Ортахисар айылы

9-март, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 626

Түркиянын Каппадокия аймагындагы тарыхый Ортахисар айылы расмий түрдө Cittaslow эл аралык тармагына (жай шаарлар кыймылы) мүчө болуп кабыл алынды.

Бул чечимден кийин Түркиядагы Cittaslow шаарларынын саны 29га жетти. Ортахисар туруктуу өнүгүүгө жана өзүнүн маданий мурасын сактоого багытталган иштеринин негизинде тармакка кошулганы белгиленди.

Айыл ошондой эле Forbes журналынын 2025-жылдагы “Дүйнөдөгү эң кооз 50 айыл” тизмесине кирген. Ал Үргүп шаарынан болжол менен 6 чакырым алыстыкта жайгашып, аскага оюлуп жасалган архитектурасы, байыркы чеби жана асманда учкан аба шарлары менен белгилүү.

Айылдын борборунда жайгашкан Ортахисар чеби аймактагы эң бийик байкоо жайларынын бири болуп саналат. Бул жер аскага оюлуп жасалган үйлөрү, байыркы Ортахисар чеби жана асманда учкан аба шарлары менен туристтер арасында кеңири белгилүү.

Cittaslow кыймылы шаарларда жашоонун жай ыргагын сактоону, жергиликтүү ашкананы, архитектураны жана маданий салттарды коргоону максат кылат. Түркияда бул тармак 2009-жылы Сеферихисар шаары биринчи болуп кошулгандан кийин кеңейе баштаган.

9-март, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 626
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X