Кара-Балта шаарындагы сейил бакка кыргыздын көрүнүктүү акыны Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылды. Тиешелүү чечим шаардык кеңештин сессиясында бир добуштан кабыл алынды.
Алыкул Осмонов кыргыз адабиятына зор салым кошкон акындардын бири. Ал кыска өмүр сүргөнүнө карабастан, көптөгөн поэтикалык чыгармаларды жараткан. Ошондой эле акын Александр Пушкиндин «Евгений Онегин», Уильям Шекспирдин чыгармалары жана Шота Руставелинин белгилүү поэмасы сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Белгилей кетсек, Алыкул Осмоновдун туулган жери Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында анын музейи иштеп келет.