Кара-Балтада үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

4-сентябрь, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кырсык 246

Кара-Балта шаарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 14:30 чамасында Кара–Балта шаарынын 8-март көчөсүндө Mercedes-Benz, Honda SRV жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 жаран ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X