Кара-Балтада катуу тиричилик калдыктары үчүн заманбап полигон курулат

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Коом 198

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кара-Балта шаарында жаңы санитардык катуу тиричилик калдыктарынын (КТК) полигонун куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Кеңешмеге министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев катышып, долбоорду ишке ашырууга байланышкан негизги маселелер талкууланды. Ошондой эле жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, АРИСтин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар да катышты.

Возможно, это изображение текст

Долбоордун жалпы баасы 4 миллион АКШ долларын түзүп, ал Япониянын JFJCM гранттык колдоосу менен каржыланууда. Анын алкагында экологиялык жана санитардык талаптарга жооп берген, «Фукуока» технологиясынын негизинде заманбап пилоттук полигон куруу пландалууда.

Кеңешменин жүрүшүндө полигон үчүн ылайыктуу жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташуу механизмдери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоо маселелери каралды.

Возможно, это изображение учеба и текст

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги долбоорду координациялоого жана аны ишке ашыруу процессинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев белгилегендей, Кара-Балта шаары үчүн заманбап жана коопсуз катуу тиричилик калдыктарынын полигонун куруу шаар тургундарынын жана ага чектеш айылдардын жашоо сапатын жакшыртып, аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X