Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында заман талабына жооп берген мончо ачылды. Анда каалоочуларга караоке, билярд, кафеси да бар.
Кара-Коонун чыгаан уулу Болот Сагынаев айылдыктар үчүн бардык шарттары менен мончо салууну демилгелеп, быйылкы жаз алды менен ишке берген. Ага кара-коолуктар гана кирбестен, кошуна айылдардан да келишүүдө.
Айылды өнүктүрүүнү колго алган Болот Сагынаевдин алдыга койгон пландары да бар. Ал мончонун тегерегиндеги көп жылдан бери каралбаган бош жерге парк уюштуруп, кафе салууну демилгелегенин билдирген. Жаш өспүрүмдөр үчүн дагы спорт аянтчасын кура баштаган. Айылдын чок ортосундагы футболдук аянтчаны кайрадан оңдоодон өткөрүүнү пландоодо. Келечекте бул футбол аянтчасында райондук деңгээлдеги спартакиада оюндары өтөт.
Болот Сагынаев Кара-Коо айылы эле эмес, Тоң району үчүн жасаган иштери колдоого аларлык. Ал жакынкы күндөрү район ичиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ФАПтарга, мечиттерге, мектептерге жашылдандырууга жардам берүү максатында мөмө-жемиштердин 5000 көчөтүн таратышты.
Иш чарага колдоо корсоткон “Ысык-Көл ынтымагы” коомдук бирикмесине, Тон районунун жаштар ынтымагына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө терең ыраазылык билдиришти.
Асел Барыктабасова