Кара-Кулжада милициянын көчмө кабылдамасы элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 30-июнь күнү «Бирдиктүү алдын алуу күнү» аталыштагы иш- чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара акыркы кезде күчөп бараткан «Соvid-19» илдетинин алдын алуу боюнча жарандарга түшүндүрүү жана жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жумушка тартпоо, балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багыты боюнча жүргүзүлүүдө.
Иш-чарага аталган айылдын жашоочулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты. Иш-чара учурунда Кара-Кулжа РИИБнин көчмө кабылдама унаасы менен атайын графиктин негизинде, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышууда. Иш-чара учурунда айыл жашоочулары айылда пайда болгон көйгөйлүү маселелер боюнча суроолоруна жооп алып, айрымдары тийиштүү органдарга арыз жолдогонго мүмкүнчүлүк алышты, деп билдирет Ош ОИИБ басма сөз кызматы.