Кара-Кулжада мыйзамсыз кармалган бүркүт жаратылышка коё берилди

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 62

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаран өз үйүндө Кыргыз Республикасынын «Кызыл китебине» киргизилген бүркүттү мыйзамсыз кармаганы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы «NABU» уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузган жаранга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 262-1-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 20 миң сом айып пул салынды.

Бүркүт адистердин көзөмөлүндө жаратылышка коё берилди.

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X