Кара-Кулжада селден жабыркаган үйлөрдү тазалоо иштери уланууда

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жабыркаган аймактарда авариялык-калыбына келтирүү иштери уланууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү максатында, 2026-жылдын 1-июль күнү саат 22:40та Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан жалпы 31 куткаруучу, 3 кичи жүктөгүч жана 4 суу сордуруучу мотопомпа тартылган.

2026-жылдын 2-июль күнү саат 08:00гө карата Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагына караштуу Терек айылында турак үйлөрдү жана короо-жайларды сел калдыктарынан тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Куткаруучулар тарабынан сел суусу каптаган аймактарды тазалоо жана жашоочуларга жардам көрсөтүү иштери улантылууда.

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X