Кара-Кулжада жер көчкү саатына 1,1 метр ылдамдыкта жылууда

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кара-Кулжа районунда жер көчкү активдешкен аймакка барып, кырдаал менен таанышты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде активдешкен жер көчкү турак үйлөргө жана Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолуна коркунуч жаратууда.

Адистердин изилдөөсү боюнча, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, ал эми көчкү массасынын көлөмү 42 миң 800 куб метрди түзөт. Көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрге жеткен.

Министр тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жеринде жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо чаралары тууралуу маалымат алды.

Учурда адистер жер көчкүнүн абалына мониторинг жүргүзүп, кырсыктын кесепеттерин алдын алуу иштерин улантууда.

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X