18-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» субдолбоорунун негизинде реабилитацияланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун ачылыш аземине катышты.
Маалыматка ылайык, субдолбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, 30 миңге жакын тургунду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Долбоордун алкагында суу менен камсыздоо объектилери жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метрлик суу сактагыч курулган. Ошондой эле 11,4 чакырым суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулган.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков калкты таза жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор аймактагы жашоочуларды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого, инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо системаларын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар – экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана суу менен камсыздоо объектилерин натыйжалуу тейлөөгө шарт түзөрү белгиленди.