Кара-Сууда 90 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
2026-жылдын 28-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунда көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» ордени жана «Эне Даңкы» медалын тапшыруу аземи өттү.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Чынгыз Бапаев катышып, мамлекеттик сыйлыктарды энелерге салтанаттуу түрдө ыйгарышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы №161 жана №162 Жарлыктарына ылайык, Кара-Суу районунан жалпы 90 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Алардын ичинен 49 энеге «Баатыр Эне» ордени, ал эми 41 энеге «Эне Даңкы» медалы тапшырылды.
Мамлекеттик сыйлыктар көп балалуу энелердин үй-бүлө институтун чыңдоого, татыктуу муунду тарбиялоого жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымына берилген жогорку баа катары белгиленди.