Кара-Сууда тургундардын көйгөйлөрү депутаттын көзөмөлүнө алынды

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 84

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр, Жоош айыл аймактарынын жана Кара-Суу шаарынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү көйгөйлөрдү укту.

Жолугушууларга район акими Чынгыз Бапаев, Кара-Суу шаарынын мэри, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Тургундар таза ичүүчү суу, ички жолдордун абалы, социалдык объектилерди оңдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Мындан тышкары, күнүмдүк турмушта жаралып жаткан бир катар маселелер боюнча да депутатка кайрылуулар болду.Возможно, это изображение один или несколько человек

Алишер Козуев көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, алардын чечилишин көзөмөлгө аларын билдирди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик менен биргеликте көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш алып барарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда депутат коомдук иштерге активдүү катышып, аймактардын социалдык-экономикалык жана руханий өнүгүшүнө салым кошкон бир катар жарандарга ыраазычылык каттарды тапшырды.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X