Ош облусунда таксист киши колдуу болду. Маркумдун унаасы көчөдөн табылган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда, Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында белгисиз азият улутундагы 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган.
Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү ) негизинде кылмыш иши козголгон.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө ошол күнү Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын тургуну, 37 жаштагы Ж.Ж., аттуу жарандын үйүнө белгисиз жаран жараат алып, оор абалда келгендиги аныкталган.
«Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталды. Аталган факты боюнча маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, маркумга тиешелүү ак түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасы Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө табылган»,- деп берилет маалыматта.
Учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.